• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Красная Горка – Акташ автожолунда кар көчкү түштү

Коом 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 22-январда саат 11:30да Красная Горка – Акташ автожолунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, аталган автожолунун 4-чү жана 9-чакырым аралыгынын эки жерине түшкөн кар көчкүнүн 360 куб метр аянты тазаланды. Тазалоо иштери улантылууда.

Ошондой эле Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолунун 65 жана 180-чакырым аралыгында катуу бороондун жана кардын кесепетинен кар күрткү пайда болуп, техникалар иштеп жатат. Автожолдо каттам уланууда.

"Азыркы убакытта дагы кар катуу жаап, бороон болууда. Автожолдордо кар кɵчкүлɵрүнүн түшүү коркунучу сакталууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий