• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Краснодарда жолборс кол салган 4 жашар кыз комадан чыга элек

Дүйнө 0

Бишкек, 1.11.18 /Кабар/. Россия Федерациясынын Краснодар аймагында 28-октябрь күнү көчмө цирктин жолборсу оюн-зоок көрсөтүү маалында тосмодон секирип чыгып, биринчи катарда отурган 4 жашар кызга кол салган. Кыз алган оор жаракаттарынан улам комага түшүп калган, деп кабарлайт RIA.ru.

Учурда кыз Краснодар аймактык балдар ооруканасында жатат.

Кыздын атасы билдиргендей, анын денесинде чоң айрылган жараттар бар, дарыгерлар алдын ала кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартышууда.

“Кызыбыз дагы деле комада. Колун жана бутун кыймылдата элек. Адистердин айтуусунда жаак нервине катуу зыян келген жана арка белинен катуу жарат алган. Операция жасалды, бирок комадан чыга элек”, - дейт кыздын атасы.

Бул боюнча кылмыш иши козголгон. Прокуратура жолборс кандай шарттардарда кармалышы керектигин иликтеп жатат.

Иликтөөнүн алкагында көчмө цирктин 51 жаштагы директору кармалып, эки айга үй камагына алынган.

Пикир

Оставить комментарий