• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Красноярсктын жашоочулары Кыргызстандык баланын дарылануусуна акча топтошууда

Коом 0

Бишкек, 23.03.18 /Кабар/. Красноярсктын кардиологиялык борборунда Кыргызстандык бир жарым жашар бала Баэль Асановго операция жасоо пландалууда. Ал учурда Красноярскта жашайт жана Россиянын жараны болуп саналбагандыктан 667 700 рубль турган жүрөгүнө жасалуучу операцияга квота ала албайт.

Бул тууралуу маалыматты балага акча топтоого жардам берип жаткан “Добро.24.ру” фонду жарыялады. Баэлдин диагнозу олуттуу: туубаса жүрөк кемтиги, төрт аномалия менен коштолот. Ага операция жасабаса бала жашап кете албайт.

“Биздин фонд эч качан балдарды улутуна же динине карап бөлгөн эмес”, -деди фонддун басма сөз катчысы Ольга Абанцева.

“Биз Рауфчик Алиев жана Марьям Сайфованын, Семен Никулиндин, Ариша Грицковдун өмүрү жана ден соолугу үчүн абдан күрөштүк. Красноярск жан6а Красноярск крайынын мусулман дүйнөсүн Кыргызстандык балага жардам берүүнү сурайбыз ”, -деп Абанцеванын сөзүн “Аргументы жана Факты” келтирет.

Учурда 30 миң рубль жыйналган. Баланын тагдыры жана көмөк берүү тууралуу бул жерден табууга болот.

Пикир

Оставить комментарий