• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КРда 1-октябрга карата майыптуулук фактысын белгилөө боюнча ырастоодон 30 миңге жакын адам өткөн

Коом 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда 2020-жылдын 1-октябрына карата майыптуулук фактысын белгилөө боюнча ырастоодон 29 миң 728 адам өткөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5 % аз (1 402 адам), - деп билдирет Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги.

Маалыматка ылайык, майып деп эсептелген жарандардын саны 4,6% (1 401 адам) кыскарган, алардын ичинен биринчи жолу майып деп эсептелгендердин саны 20,5% кыскарган (1 672 адам), майыптыгы кайрадан белгиленгендердин саны – 1,2 % (271 адам) көбөйдү.

Отчеттук мезгилде 27 миң 59 ДМЧА реабилитациялоонун жеке планы (РЖП) толтурулган.

Пикир

Оставить комментарий