• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КРда 2017-жылы “адам сатуу” боюнча 4 кылмыш иши козголду

Коом 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин статистикасына ылайык, былтыркы жылдын эсеби менен “адам сатуу” боюнча 4 кылмыш иши козголду, бирок сандар башкача болушу да мүмкүн. Мындай байкоолор менен Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы эмгек миграциясы бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган статистика болуп жаткан окуяларды толугу менен чагылдырбайт. Себептери ар кандай болушу мүмкүн – булар маалымат чогултуу жараяны, менталитет, болгон кырсык тууралуу үн катпай коюу.

“Аталган кылмыштын түрү абдан оор болуп эсептелет, жабыркаган адамдын жардамысыз тастыктоочу базаны чогултуу абдан кыйын. Кылмыштын кандай экендигине карабастан, адамды саткан ар бир факты трагедия болуп саналат. Ошондуктан Мамлекеттик миграция кызматы кылмышка шектүүлөрдү табуу жана аларды жазалоого өзгөчө көңүл бурат. Ошондой эле кылмыш иши башка чет өлкөдө болгон көйгөйгө да дуушар болобуз”, - деп билдирип, жабыркаган тарап көпчүлүк учурда сүйлөшүүгө бара бербей тургандыктарын, айрыкча сексуалдык зомбулукка дуушар болгондор деп кошумчалады.

“Кыз эч качан келип, сексуалдык эксплуатацияга дуушар болгондугу тууралуу айтып бербейт”.

Пикир

Оставить комментарий