• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

КРда 2018-жылы соттук реформага 1,5 млрд. сом бөлүнгөн

Президент 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков акыркы 2 жылда өлкөнүн соттук-укуктук реформасынын ишке ашырылуусуна бөлүнгөн каражаттардын сарпталышына нааразычылыгын билдирди.

Мамлекет башчы КР судьяларынын XI курултайында сот тутумуна бюджеттен акча каражатынын бөлүнүшү жылдан жылга көбөйүп жаткандыгын билдирди.

"2018-жылга карата — 1 млрд 555 млн 958 миң 200 сом бөлүнүп, бул 2017-жылга салыштырмалуу 14,4 пайызга көп. Ал эми 2019-жылга карата — 2 млрд 154 млн 617 миң 100 сом бюджет каралды, 2018-жылга салыштырмалуу бюджеттин өсүшү 38,5 пайызды түзөт", - деп белгиледи ал.Ошондой эле ал белгилегендей, былтыр май айындагы сот реформасы боюнча кеңештин отурумунда сот системасынын өкүлү, анын "Бул процесске эмне керек?" деген суроосуна саясий эрк жана каржылоо зарыл деп жооп берген. Бирок, саясий эрк менен каржылоонун болгонуна карабай иштин жыйынтыгы канааттандырарлык эмес.

"Өлкөдөгү башка муктаждыктарга карабастан, сот системасына каражат жетиштүү бөлүнүүдө. Мугалимдер, медиктер, дагы башка айлык акыга муктаж тармактар бар. Алардын айлыгы качан гана экономика өскөндө жана сот бийлиги чыныгы адилет сот бийлиги боло алганда көбөйөт. Баары бири-бири менен тыгыз байланышта. Ошол жагдайды эске алып, сот системасын биз приоритеттүү багыт кылып отурабыз. Бирок, силерден ошого жараша кайтарым болбой жатат", -деди Жээнбеков.

Ал кошумчалагандай, бул жагдайды эске алып сот системасын каржылоого артыкчылык берилген.

Пикир

Оставить комментарий