• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

КРда 2018-жылы венерологиялык оорулар менен жабыркагандардын саны кескин өскөн

Ден соолук 0

Бишкек, 18.02.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2018-жылдын 11 айынын жыйынтыгында сифилис менен ооруган 399 учур катталган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл Департаментинин отчетунда кабарланат.

Документте айтылгандай, бул көрсөткүч 2017-жылдын көрсөткүчүнөн 28 учурга көп. Анын ичинен төрт учурда 14 жашка чейинки балдар сифилис менен ооруп калышкан.

Андан тышкары, былтыркы жылы гонорея менен жабыркаган 165 учур катталган, анын ичинен 4 учурда 14 жашка чейинки балдар катталган.

2018-жылы ВИЧ-инфекциялары менен жабыркагандардын жалпы саны 1,6%га өсүп, 820 учур катталган. 2017-жылы бул көрсөткүч 796ны түзгөн. Эң жогорку көрсөткүч Чүй облусунда (924,0), Ош (16,7) жана Бишкек (31,2) шаарларында байкалган.

Пикир

Оставить комментарий