• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРда 600 миңден ашуун пенсионер жашайт, анын 10 пайызы - жалгыз жашагандар

Коом 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Кыргызстанда 600 миңден ашуун пенсионер катталган, анын 10 пайызы жалгыз жашап, социалдык коргоонун кызматтарынан пайдаланат. Бул тууралуу тегерек үстөлдүн жүрүшүндө "Бабушка эдопшн" коомдук фондунун директору жана демилгечи топтун мүчөсү Айдай Кадырова билдирди.

"Карыган адамдардын негизги медициналык көйгөйү - үчүнчү курактагы адамдарды атайын геронтология дарыгерлери жана гериатрлар карашы керек болгондугунда. Бул илимдердин өзгөчөлүгү - алар карылык көйгөйлөрү менен алектенишет", - деди Кадырова.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева ооруларды алдын алуу маселесин көтөрдү.

"Бул ырайымсыз угулушу мүмкүн. Бирок биз мунун бюджетке жана саламаттык сактоого жүк экенин айтабыз. Кесепеттери менен күрөшөбүз, пенсионерлер дары-дармек үчүн төлөшү керек болгондо, бул адамдарды колдоого бөлүнгөн адам жана акча ресурстарынын чоң картасы эч кандай таасир бербейт. Менимче эгер биз бардык күчүбүздү профилактикага жана активдүү узак жашоого, адамдарды маалымдоого жумшасак, ошондо эффективдүү натыйжаларга жетебиз", - деди Касымалиева.

Пикир

Оставить комментарий