• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КРда ачкачылык көйгөйү жок, бирок туура тамактанууга калктын жеткиликтүүлүгү боюнча маселе бар – БУУнун өкүлү

Коом 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Кыргызстанда ачкачылык көйгөйү жок, бирок аймактардагы калктын ар түрдүү жана ден соолуктуу тамактанууга жеткиликтүүлүгү жок. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун үйүндө өткөн маалымат жыйынында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өлкөлүк директору Андреа Баньоли билдирди.

“Биз 1,5 миллион адам туура тамактана алуусунун үстүндө иштеп жатабыз. Ошондой эле ири шаарлардын жашоочулары чоң супермаркеттерден тамак-аш алгандай, аймактардын жашоочуларынын ар түрдүү жана ден соолукка пайдалуу тамактарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун үстүндө иштеп жатабыз”, - деди Баньоли.

Анын айтымында, дүйнөдө жетиштүү азык-түлүк чыгарылат, бирок ошого карабастан 800 миллионго жакын адам ачкачылыктан жабыркайт.

Пикир

Оставить комментарий