• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРда аялдардын 30 пайызга жакыны өнөктөшү тарабынан зомбулукка кабылган

Коом 0

Бишкек, 05.11.18. /Кабар/. Дүйнөдөгү ар бир үчүнчү аял зомбулуктун курмандыгы, алар көбүнчө ишенген адамынан кордук көрүшөт. Мындай маалымат Бишкектеги конференцияда айтылды.

Эксперттердин маалыматтарына караганда, зомбулукка күбө болгон же зомбулукка кабылган балдарга тийген таасир кыйратуучу болуп, өмүр бою унутулбайт.

Борбордук Азиядагы бир катар өлкөлөрдө аялдарга жана кыздарга карата зомбулук боюнча саясаттар кабыл алынганына карабастан, аталган көйгөй аймакта актуалдуу бойдон калууда. Кыргызстандагы аялдардын 30 пайызга жакыны жана Казакстандагы аялдардын 20 пайызы баарынан мурда интимдик өнөктөшү тарабынан зомбулукка кабылган.

Андан тышкары эрте никелер, кыздарды үй-бүлө куруу максатында ала качуу аймакта катардагы көрүнүш бойдон калууда.

Пикир

Оставить комментарий