• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КРда аялдарга 22 жумага чейин аборт жасатууга уруксат берүү пландалууда – Башкы гинеколог

Ден соолук 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. Кыргызстанда аялдардын анын социалдык-экономикалык абалына карабастан кош бойлуулукту токтотууга укугу болушу керек. Бирок бул токтотуу белгилүү бир убакытка чейин гана болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине КРнын башкы гинекологу Раиса Асылбашева билдирди..

Анын маалыматына ылайык, “Жарандардын ден соолугун коргоо” жана “Репродуктивдүү укуктар тууралуу” мыйзамдарга ылайык, аялдардын мындай укугу бар.

“Кош бойлуулукту токтотуу кызматтарын алуу үчүн социалдык көрсөткүчтөрдү алып салууну пландаштыруудабыз. Анткени баардык социалдык жана экономикалык көрсөткүчтөр өз ара аралашып калууда. “Репродуктивдик укуктар тууралуу” мыйзамында аялдар кош бойлуулукту токтотууга укугу бар деп жазылгандан кийин, биз ушундай өзгөрүүлөрдү киргизүүнү пландаштыруудабыз”, - дейт Асылбашева.

Ал кабарлагандай, эгер ушул өзгөрүүлөр колдоо алса, аялдар каалаган жеринде аборт кылдырууга укуктуу болот. “Клиникалык протоколдо белгиленгендей, абортторду сертификаты бар гана адис жасай алат. 9 жумага чейинки мезгилде аборт ФАП жана башка медициналык мекемелерде жасалса, 9дан 22 жумага чейин кош бойлуулук бир гана төрөт үйлөрүндө жасалышы керек. Анткени аял баардык керектүү медкызматтарды алышы керек”,- деп билдирет гинеколог.

Асылбашеванын айтуусунда, бул өзгөрүүлөрдү киргизүүнүн башкы себеби - аялдар Кытайдан алынып келинген дары-дармектерди сатып алып, криминалдык аборт жасап жаткандыгында.

“Аялдар туура эмес маалымат алгандыктан ар кандай катаалдашуу, кандын токтобой агышы жана жада калса өлүмгө алып келген учурлар бар. Ошол себептен биз аборт жүргүзүү процессин тартипке келтирүүнү каалайбыз. Атайын булактарда аялдын ден соолугу тууралуу жана жасаган аборттору тууралуу маалымат толтурулат. Ушул протоколдордо качан, кайсы мекемеде аборт жасалгандыгы тууралуу да баардык маалымат жазылат. Ошондой эле толук купуялуулук сакталат”, - дейт ал.

Анын айтымында, негизинен 25-29 жаштагы аялдар аборт жасатышат, бул мезгилде алардын организми тескерисинче кош бойлуу болууга даяр учур болот.

Пикир

Оставить комментарий