• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРда аскер кызматкерлеринин пенсиясынын минималдуу суммасы 5 миң, эң жогоркусу 35 миң сомду түзөт

Коом 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылдын 1-августунан тарта аскер кызматкерлеринин пенсиясы көтөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агентиттигинде өткөн маалымат жыйынында Коргоо министрлигинин пенсия бөлүмүнүн башчысы Ханзада Осмоналиева билдирди.

Анын айтымында, аскер кызматкерлеринин пенсиясы 2011-жылдын бери көтөрүлө элек.

“Аскер кызматкерлеринин пенсиясын жогорулатууда эмгек стажы жана эмгек акысы эске алынат. Көтөрүлгөн соң пенсиянын минималдуу суммасы 5 миң сомду, ал эми эң жогорку суммасы 30-35 миң сомду түзөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий