• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

КРда аскердик бөлүктөгү уруш учурунда сержант катардагы жоокердин жаагын сындырды

Кырсык 0

Бишкек, 24.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аба күчтөрүнүн аскердик бөлүгүндө уруш учурунда сержант катардагы жоокердин жаагын сындырды. Бул тууралуу КРнын аба күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 22-сентябрда аба күчтөрүнүн 97632 аскердик бөлүгүндө келишимдик кызматтагы сержант Б.М. менен катардагы жоокер К. у. К. уруша кетишкен. Натыйжада катардагы жоокер К. у. К жеген муштумунан улам астыңкы жаагы сынган. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда ал аскердик ооруканада дарыланууда.

Аталган факт боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө. Кызматкерлер убактылуу ээлеген кызматтарынан бошотулду. Иштин материалдары Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий