• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРда ажылардын коопсуздугун камсыздоо атайын программасы иштелип чыгат

Коом 0

Бишкек, 28.03.18 /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2018-жылы ажылык сапарга баруучуларды автоматтык идентификациялоону (RFID) жана алардын географиялык жайгашуу ордун аныктоону колдонуу үчүн (Google Maps)тын жардамы менен мобилдик тиркемени иштеп чыгуу боюнча IT-программисттердин жана ошол тармакта иштеген юридикалык жактардын ортосунда конкурс өткөрүп, ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш Мамлекеттик комитетинин алдындагы «Инфо-Система» мамлекеттик ишканасын жеңүүчү деп табышты. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан ары конкурстун жеңүүчүсү «Инфо-Система» ишканасы ажылар үчүн RFID жана Google Mapsтын жардамы менен мобилдик тиркемени иштеп чыгышмакчы. Бул программанын жардамы менен ар бир ажынын Бишкек-Мекке-Медина багыттары боюнча учуусун, кайсыл мейманканага жайгашкандыгын, автобустарга толук түшкөндүгү жана Мина, Арафат, Муздалифа өрөөндөрүнө жеткендиги боюнча маалыматтар башкы базага келип, анын негизинде штаб тарабынан көзөмөлдөрүп турмакчы. Ошондой эле ажылардын зыярат учурунда адашып кетүүсүн алдын алып, ар бир уюлдук телефонго адашып кеткендиги боюнча маалыматты жиберүүчү атайын программалар даярдалмакчы.

Пикир

Оставить комментарий