• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КРда бүтүрүүчүлөрдүн кечеси 20 жана 24-июнда эртең менен өтөт, кече уюштуруу жана мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынат – БИМ

Коом 0

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. КРнын Билим берүү жана илим министрлиги 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн бүтүрүү кечесин өткөрүүнүн күнүн жана убактысын бекитти.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, министр Гүлмира Кудайбердиеванын буйругуна ылайык, орто билим берүү уюмун аяктоо жана орто жалпы билими тууралуу аттестат берүүгө арналган салтанаттуу иш-чаралар 2017-жылы 20-июнда саат 10:00до мектептерде өтөт.

9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билим берүү тууралуу күбөлүк тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара 2017-жылы 24-июнда саат 10:00до өтөт.

Иш-чараларга билим берүү башкармалыктарынын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын өкүлдөрү, укук коргоо органдары жана ата-энелер катышат.

Билим берүү башкармалыктары жана мектеп директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды уюштуруу, бүтүрүү кечелерине материалдык жана каржылык чыгымдарды чектөө маселеси боюнча ата-энелер жана бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелер комитетинин төрагалары менен жолугушууларды өткөрүү тапшырылган.

Мыйзамсыз акча чогултууга дисциплинардык төлөтүүдөн тарта мектеп директорун кызматтан алууга чейинки чаралар колдонулат.

Ошондой эле, бүтүрүү кечелерин түндөсү мектептин аймагына, оюн-зоок мекемелерине, кафе-ресторандарга жана жаратылышта өткөрүүгө тыюу салынат. Салтанаттуу иш-чаралар учурунда бүтүрүүчүлөрдүн ден соолугун жана өмүрүн коргоого мектеп директору жана педагогикалык жамаат жеке жоопкер болушат.

Пикир

Оставить комментарий