• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРда балдарды сатуу фактысынан кийин жеке жана мамлекеттик медициналык мекемелерди текшеришүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.09.18 /Кабар/. Милиция кызматкерлери жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатуу фактысын аныкташкандан кийин мамлекеттик жана жеке медициналык мекемелерди текшеришүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын маалыматына караганда, милиция кызматкерлери буга чейин медициналык мекемелер берген жаңы төрөлгөн балдар тууралуу документтерди текшерип, изилдеп жатышат.

ИИМ мындай түрдөгү текшерүү алдыда республика боюнча дайыма ишке ашып турарын билдирди.

Белгилүү болгондой 5 медициналык жумушчу Бишкектеги жаңы төрөлгөн балдарды сатуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында СИЗОго киргизилген. Андан тышкары үстүнөн ыкчам-тергөө иштери жүрүп жаткан шектүү адамдар бар.

Жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ал боюнча ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө иликтөө жүрүүдө.

Буга чейин ИИМ жаңы төрөлгөн балдарды сатып алгандар Россиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий