• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

КРда Бажы биримдигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планы бекитилди

Экономика 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасында Бажы биримдигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Аталган документ Бажы биримдигинин Евразиялык экономикалык биримдигинин техникалык регламенттеринин жоболорун түздөн-түз таасирин камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Мындан улам, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасында Бажы биримдигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планын жана Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламенттеринин долбоору боюнча иштерди жүргүзүүгө тартылган министрликтердин жана административтик ведомстволордун иш-аракеттер планын бекитүү тууралуу чечим кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине киргендеги 2014-жылдын 29-майындагы Протоколуна ылайык: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндөгү келишимдин айрым эл аралык келишимдерди укугуна кирүүчү Евразия экономикалык союзунун органдарынын актыларын Евразия экономикалык биримдиги кошулуусуна байланыштуу Протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимдин шарттары жана өтмө жоболору колдонуу боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагында (мындан ары Протокол):

- 2016-жылдын 12-февралынан баштап, Бажы биримдигинин 13 техникалык регламенти күчүнө кирди;

- 2016-жылдын 12-августунан баштап, 3 техникалык регламенти күчүнө кирди;

- 2017-жылдын 12-августунан баштап, 18 техникалык регламенти күчүнө кирет;

- 2019-жылдын 12-августунан баштап, 1 техникалык регламенти күчүнө кирет.

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимдин X бөлүмүндөгү 52 беренесине ылайык, Бажы биримдигинин техникалык регламенттери Бажы биримдигинин аймагында түздөн-түз колдонууга ээ. Бүгүнкү күндө Бажы биримдигинин алкагында 36 техникалык регламент кабыл алынып иштеп жатат, анын 16сы Протоколго ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында күчүнө кирген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Техникалык каражаттардын электромагниттик сыйымдуулугу» (ТР ТС 020/2011)), «Турмуш тиричлик электр приборлорунун коопсуздугу жөнүндө» (ТР ТС 004/2011)) жана «Ылдыйкы вольттогу жабдуулардын коопсуздугу», «Электрдик коопсуздук тууралуу» жана «Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу тууралуу» (ТР ТС 010/2011)) токтомду кабыл алуу менен, аталган техникалык регламенттер тууралу токтомдор күчүн жоготту деп таанылат.

Бажы биримдигинин кабыл алынган ар бир техникалык регламенти боюнча, андагы жоболорду өндүрүү, ишке берүү жана жок кылуу тууралуу жооптуу органдар аныкталды.

Белгилей кете турган нерсе, Бажы биримдигинин алкагында ага мүчө мамлекеттер ортосунда, анын ичинде Кыргыз Республикасында 19 долбоор иштелүүдө. Аталган долбоорлордун техникалык регламенти боюнча да жооптуу органдар аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий