• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРда бир жумада 16 миңден ашуун жол кыймылынын эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. 2нен 8-ноябрга чейин Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугу тармагында 16 миң 179 бузууну аныктаган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен:

- 336 айдоочу жол чырактын тыюу салынган белгисинен өтүп кеткен;

- Мас абалында унаа башкарган 215 айдоочу кармалган;

- 1777 айдоочу ашыкча жогорку ылдамдыкта унаа башкарган;

- Жол белгилеринин талаптарын аткарбаган 2528 адамга айып пул салынган;

- 1234 айдоочу иштебеген жарык берүүчү шаймандары менен транспорт каражатын башкарган;

- 1539 айдоочу жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жаратышкан;

- Коопсуздук курун тагынбаган 3976 айдоочуга айып пул салынган;

- Алдыңкы, капталындагы терезелери караңгылатылган унаа башкарган 58 айдоочуга тиешелүү чара көрүлгөн;

- Унаа башкарып бара жатып телефондо сүйлөшкөн 2751 адамга айып пул салынган;

904 транспорт каражаты айып унаа токтотуучу жайга токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий