• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРда бир жуманын ичинде 174 мас айдоочу кармалды

Коом 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Кыргызстанда 174 айдоочу мас абалында унаа башкарып кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-сентябрдан 4-октябрга чейин жол кыймылынын коопсуздугу тармагында 19 миң 37 бузуу аныкталган.

Анын ичинен:

- 486 айдоочу жол чырактын тыюу салынган белгисинен өтүп кеткен;

- Мас абалында унаа башкарган 174 айдоочу кармалган;

- 2 миң 86 айдоочу жогорку ылдамдыкта унаа башкарган;

- Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 3 миң 456 айдоочуга айып пул салынган;

- 1 миң 664 айдоочу иштебеген жарык берүүчү приборлор менен транспорт каражатын башкарган;

- Коопсуздук курун тагынбай унаа башкарган 4 миң 552 айдоочуга айып пул салынган;

- Алдыңкы, капталындагы терезелерин караңгылатылган унаа башкарган 108 айдоочуга чара көрүлгөн;

- Унаа айдап бара жатып телефондо сүйлөшкөн 3 миң 474 айдоочуга айып пул салынган;

- 1 миң 114 транспорт каражаты айып унаа токтотуучу жайга токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий