• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРда бир жуманын ичинде 18 миңге жакын жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. 5-октябрдан 11-октябрга чейин Кыргызстанда 17 миң 976 жол кыймылынын коопсуздугу тармагында бузуу катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Алардын ичинен:

- 399 айдоочу жол чырактын тыюу салынган белгисинен өтүп кеткен.

- 180 айдоочу мас абалында унаа башкарып кармалган;

- 1972 айдоочу жогорку ылдамдыкта унаа башкарган;

- Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 3350 айдоочуга айып пул салынган;

- 1751 айдоочу иштебей калган жарык берүүчү шаймандары менен унаа башкарган;

- 1461 айдоочу жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоол болгон;

- Коопсуздук курун тагынбай унаа башкарган 4122 айдоочуга айып пул салынган;

- Алдыңкы, капталындагы терезелери караңгылатылган унаа үчүн 73 айдоочуга чара көрүлгөн;

- 3223 айдоочуга телефон колдонуу эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул салынган.

Пикир

Оставить комментарий