• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КРда бир жуманын ичинде 20 миңден ашуун жол кыймылынын эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Кыргызстанда бир жуманын ичинде 20 миңден ашуун жол кыймылынын эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 21нен 27-сентябрга чейин жол кыймылынын коопсуздугу тармагында 20 миң 482 бузуу аныкталган.

Анын ичинен:

- 1 миң 556 айдоочу жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жараткан;

- 1 миң 692 айдоочу иштебеген жарык берүүчү шаймандар менен транспорт каражатын башкарган;

- 517 айдоочу жол чырактын тыюу салынган белгисинен өтүп кеткен;

- Коопсуздук курун тагынбай бара жаткан 4 миң 832 айдоочу кармалган;

- Мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн 338 айдоочу кармалган;

- Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 3 миң 910 айдоочуга айып пул салынган;

- Терезелери караңгылатылган унаа башкарып бара жаткан 66 айдоочуга тиешелүү чара көрүлгөн;

- 2 миң 291 айдоочу жогорку ылдамдыкта унаа башкарган;

- 1 миң 188 транспорт каражаты айып унаа токтотуучу жайга киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий