• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРда биринчи жолу камактагыларды бошотууга даярдоо борбору ачылды

Коом 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы №10 түзөтүү мекемесинде Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигиндеги биринчи кайра социалдаштыруу жана пенитенциардык пробация борбору (Соттолгондорду бошотууга даярдоо борбору) ачылды.

Анын ачылышына Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын башчысы Таалайбек Жапаров, Эл аралык түрмө реформасынын башчысы Азамат Шамбилов, колониянын өздүк курамы жана башкалар катышты.

Борбор жарым жартылай бузулган имаратта жайгашкан. Жалпысынан анын реконструкциясына 800 миң сомго жакын акча коротулду.

Борбордо арт-терапиянын программасы жана заманбап кол өнөрчүлүк цехтери болот. Тигүү цехи иштөөгө даяр, карапа буюмдарын чыгаруучу линия ишке берилүүгө даярдалууда. Арт-терапия психикалык абалды гармониялаштырат.

“Пробациянын мааниси – камактан бошотулган адамдарды даярдоо, ал жарандык сектордо өзүн жоготпой, үй-бүлөсүн багуусу үчүн ага жардам берүү. Мекеменин негизги максаты камактан бошотулгандарга коомго көнүшүнө жардам берген психологдордун жана социалдык кызматкерлердин ишинде турат”, - деди Жапаров.

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январынан баштап пробация жөнүндөгү мыйзам иштей баштайт.

Пикир

Оставить комментарий