• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КРда бюджеттик кызматкерлердин маянасы жеке менчик уюмдардын жумушчуларына салыштырмалуу 2 эсе аз

Экономика 0

Бишкек, 14.08.18. /Кабар/. Кыргызстанда бюджеттик тармактын кызматкерлеринин айлык акысы жеке менчик уюмдардын кызматкерлериникине салыштырмалуу 1,7 эсе аз.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бир жумушчунун бир айлык орточо номиналдык айлык акысы (кичи ишканаларды эсепке албаганда) 2018-жылдын январь-июнь айларында 15 миң 665 сомду түзүп, 6,6 пайызга көбөйгөн.

Бюджеттик тармактагы жумушчулардын айлык акысы 12 миң 395 сом, бюджеттик эмес кызматкерлердики 21 миң 397 сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий