• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРда диабет менен күрөшүү жумалыгы өтөт

Коом 0

Бишкек, 12.11.18 /Кабар/. 13нөн 21-ноябрга чейин Кыргызстанда диабетке каршы күрөшүүгө арналган жумалык өтөт. 14-ноябрь - Дүйнөлүк диабет күнүнө арналган жумалыктын алкагында массалык акциялар, тегерек үстөлдөр жана спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.

Быйыл Дүйнөлүк диабет күнү Эл аралык диабет федерациясы тарабынан сунушталган “Кант диабетинин бардык үй-бүлөгө тиешеси бар” ураанынын алдында өтөт.

Дүйнөлүк диабет күнүнүн жана диабетке каршы күрөшүү жумалыгынын максаты коомдун, өкмөттүн көңүлүн кант диабетинин көйгөйүнө буруу, калктын диабеттин көйгөйлөрү жана ага байланыштуу оорлошуулар жөнүндө маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатуу.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2017-жылы 55 миңден ашуун диабет менен ооруган адам катталган. Эл аралык диабет федерациясынын божомолуна ылайык, Кыргызстанда 20-79 жаштагы адамдардын арасында кант диабетинин жайылышынын деңгээли 2025-жылы 5,8 пайызга чейин өсөт.

Дүйнөдө кант диабетине чалдыккан адамдардын саны 422 миллионду түзөт. 2025-жылга карата алардын саны 550 миллион адамга чейин жетиши күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий