• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КРда эки негизги экология көйгөй бар – мөңгүлөр жана уран калдыктарын сактагычтар – Мукамбетов

Коом 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын экология тармагында эки маанилүү, аярлуу багыт бар: тоолор жана уран калдыктарын сактагычтар. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан Тоо форуму-2018де өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөлүк коомчулук климаттын өзгөрүшүн адамзаттын глобалдык көйгөйү катары эсептейт.

“Климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери бардык мамлекеттерге, өзгөчө тоолуу өлкөлөргө таасирин тийгизип жатат. Кыргызстан тоолуу мамлекет. Климаттын өзгөрүүлөрүнүн кесепеттерине туруктуулуктун изилдөөлөрүнө ылайык, биздин өлкө Чыгыш Европадагы ана Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүүсүнө алсыз мамлекеттердин арасынан үчүнчү орунду алган. Өлкөдө мөңгүлөрдүн аянтынын кыскарганы байкалууда. Мындан тышкары уран калдыктарын сактагычтардын бар болушу көйгөй болууда”, - деди ал.

Мукамбетов Кыргызстан өкмөттүн деңгээлиндеги тоо өнөктөштүгүнүн мүчөсү болгон Борбордук Азиядагы биринчи тоолуу өлкө экендигин белгиледи.

“Биз Борбордук Азиядагы эң бийик тоолуу эки өлкөнүн бирибиз. Туруктуу өнүгүүгө байланыштуу бир катар глобалдык көйгөйлөр боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоп туруктуу тоолук өнүгүү маселесин эл аралык сүйлөшүү процесстеринин күн тартибине киргизүү үчүн тоо кыймылына активдүү катышып жатабыз. 1998-жылы Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясында Кыргызстандын демилгеси менен 2002-жылы эл аралык тоо жылын өткөрүү тууралуу тарыхый чечим кабыл алынган. Ошол эле жылы Кыргызстан Бишкекте тоо саммитин кабыл алган. Бул иш-чаралар дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн тоо көйгөйүнө бура алган”, - деп кошумчалады ал.

Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары Борбордук Азиядагы дагы бир маанилүү экология көйгөйү совет доорундагы радиоактивдүү өнөр жайдын мурасы – уран калдыктарын сактагычтар экендигин баса белгиледи.

“Бул көйгөйдү чечүү үчүн 2018-жылдын май айында “Борбордук Азиядагы уран калдыктарын сактагычтар – тобокелдерди азайтуу боюнча биргелешкен күч-аракеттер” аталышындагы эл аралык конференцияда Кыргызстан БУУнун БАдагы коркунучтун алдын алуу боюнча резолюциясын жаңыртуу демилгесин алып чыккан”, - деди Мурат Мукамбетов.

Пикир

Оставить комментарий