• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын кеминде 10 пайызы гана ишти сотко жеткирет — БУУ

Коом 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйындын жүрүшүндө “Гендердик зомбулукка каршы 16 күн” глобалдык кампаниясы темасы жөнүндө сөз болду.

“БУУ – аялдар” түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурэн Жамсран белгилегендей, Кыргызстан аталган кампанияга 2012-жылы кошулган. Ал бул маселени эң жогорку деңгээлде көтөрүү керек деп эсептейт.

“Эгер сиз аялдар жана балдар зомбулукка кабылып, ыйлап жатканын көрүп же уксаңыз, келип жардам көрсөтүүңүз керек, милицияга кайрылыңыз. Анткени бул жерде ар бир адамдын аракети маанилүү”, - деди ал.

Улзийсурэн Жамсран зордук-зомбулукка кабылгандар унчукпай калбашы үчүн азыр алар менен иш жүрүп жатканын белгиледи.

“Жардам сурап кайрылгандардын 10%дан азы гана ишти сотко ашырат, калган 90% жеке-ачык айыптоодон баш тартуу же тараптардын жарашуусу жөнүндө арыз жазышат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий