• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРда калктын аз камсыз болгон бөлүгүн турак жай менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө - КРнын БУУдагы өкүлү

Коом 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгү БУУнун Социалдык өнүктүрүү комиссиясынын 58-сессиясынын ишине катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Күн тартибинин негизинде: «Бардык турак жайы жок калктардын маселелерин чечүү үчүн арзан турак жай жана социалдык коргоо системасы» деп аталган маселе каралды.

БУУдагы КРнын Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева өзүнүн сөзүндө 2030-жылга чейинки мезгил аралыгындагы туруктуу өнүгүү тармагын жыйналыштын күн тартибинде кароо менен БУУга мүчө-мамлекеттер жалпы улуттардын шарттарына ылайыктуу социалдык коргоо системасын түзүүдө алгылыктуу иш-аракеттерди жүргүзүүгө макулдашып, ошондой эле жалпыга жеткиликтүү жана коопсуз турак жай менен камсыз кылуу милдетин алгандыктары тууралуу айтып өттү.

Миргүл Молдоисаева КР Өкмөтү тарабынан 2015-2020-жылдар аралыгында «Жеткиликтүү турак-жай» программасынын алкагында аткарылып жаткан иштерге токтолуп өттү. Анын негизги максаты КРда турак жай жетиштигин жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү, өлкөнүн бардык аймактарында калкка жетиштүү санда үй куруу, мамлекеттик банк системасын тартуу аркылуу турак жай сатып алууга ыңгайлуу ипотекалык механизмдерди пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн ишке киргизилиши жөнүндө маалымат берди.

2018-жылы Кыргыз Республикасында кабыл алынган 2018-2040-жылдар аралыгында аткарылуучу Улуттук өнүгүү стратегиясы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2018-2022-жылдар аралыгындагы Кыргыз Республикасынын өнүгүү программасы» боюнча иштелип чыккан «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» планы боюнча калктын аз камсыз болгон бөлүгүн турак жай менен камсыз кылуу ишине кошумча өбөлгөлөр түзгөндүгүн баса белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий