• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРда калыбына келүүчү энегрия булактарын түзүү өкмөттүн программасына киргизилген - Исаков

Аймак 0

Каракол, 13.10.17. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Кыргызстанда калыбына келүүчү энергия булактарын түзүү – бул өкмөттүн “Жаны доорго кырк кадам” программасына камтылган келечектүү багыт. Бул тууралуу Сапар Исаков К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушууда билдирди.

Жолугушууда студенттердин бири преьмер-ден өлкөдө ГЭСтерден тышкары күн нурунун энергия булактары курулушу тууралуу сурады.

Буга өкмөт башчы Кыргызстан үчүн учурда ГЭСтерди куруу пайдалуу экенин, себеби алар арзан энергияны иштеп чыгарын айтты.

“инновациялык көз караштан алганда, калыбына келүүчү энергия булактарын куруу керек. Тагыраагы, бул шамал же күн нурунун станциялары. Себеби баарыбызга белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө мөңгүлөр маселеси бар. Убакыт өтүп жатат. Биз салттуу энергия менен катар альтернативалыгын иштеп чыгышыбыз керек”, - деди ал.

Исаков азыркы тапта мамлекеттин мындай долбоорлорду ишке ашырууга өз алдынча мүмкүнчүлүгү жок экенин, ошондуктан өкмөт ишкерликке бул өңүттө алтын ортону табууну сунуштаганын билдирди.

“Жакынкы 3-4 айда жалпы кадамдарды жана чечимдерди иштеп чыгабыз. Долбоорду баштоо зарыл. Карап көрсөк, чакан ГЭСтер 300 мегаваттка чейин иштеп чыгышса, калыбына келүүчү энергия булактары чексиз иштей алышат. Биз станцияларды тоолорго, адырларга жана жада калса Ысык-Көлгө орнотсок болот. Бул келечектүү багыт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий