• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРда кары адамдардын 11 пайыздан көбү иштешкен эмес, бирок жөлөк пул алышат

Коом 0

Бишкек, 19.11.18. /Кабар/. Кыргызстандагы кары адамдардын дээрлик жарымы (41,3 пайызы) эмгек ишмердүүлүгү менен алектенет. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет өзүнүн изилдөөсүндө билдирди.

Иштеген эркектердин үлүшү 55,2 пайыз, аялдардыкы 30,3 пайыз. Ведомствонун маалыматына караганда, карыган жарандардын 11,7 пайызы эч качан иштеген эмес жана аз өлчөмдөгү социалдык жөлөк пул алат.

50 жаштан кийинки эмгекке жарамдуу мөөнөттө иштөөнүн жогорку деңгээли орто техникалык жана жогорку билимдин бар болгондугу менен байланыштуу.

“Улгайган адамдар көбүнчө мамлекеттик мекемелерде – билим берүү, медициналык мекемелерде иштешет. 6,7 пайыз карыган адамдар эмгекке жарамсыз болуп эсептелет. 59 пайыз карыган адамдар пенсионер болгондуктан жана иштөөгө каалоосу жок болгондуктан жумуш издешпейт жана иштешпейт. Кары адамдардын 2 пайызга жакыны гана активдүү жумуш издөө менен алек”, - деп билдиришти Улуттук статистикалык комитеттен.

Пикир

Оставить комментарий