• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КРда өндүрүлгөн айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү өсүүдө

Коом 0

Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү жыл сайын көбөйүүдө. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Максат Ташболотов күнөскана тармагындагы инновациялар форумунда билдирди.

“Агрардык тармакта 3 пайызга өсүү байкалууда, - деди Ташболотов. – Абалды жакшыртууга инновациялык технологияларды киргизүү көбүрөөк жардам берет”.

Күнөскана тармагын өнүктүрүү жөнүндө айтып жатып Ташболотов күнөсканаларды куруу жаңы жумушчу орундарын түзүүгө, кошумча киреше табууга шарт түзөрүн кошумчалады.

Ал Кыргызстанда учурда 2 миң 151 чарба субъектилери, анын ичинде күнөсканалардын ар кандай түрлөрү бар экендигин айтты. Ошондой эле 2 миң 344 гектар жерге тамчылатып сугаруу системалары орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий