• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КРда окууну аяктаган соң жумуш издөөдө көйгөй жаралат – аны кантип чечүү керек?

Саясат 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Кыргызстанда көптөгөн көйгөйлөрдү, анын ичинде кесипкөй кадрларды даярдоо маселесин чече ала турган социалдык диалогду күчөтүү керек. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков билдирди.

Анын айтымында, билим берүү системасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселеси кадрлардын сапатын жогорулатуу максатында КРнын өмөтүнүн күн тартибинде жана туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясы, өкмөттүн эки жылдык "Биримдик, ишеним, жаратмандык” программасы сыяктуу бардык маанилүү документтерде кабыл алынып жатат.

Ал жумушчу күчүнүн сапатын жогорулатуунун негизги шарты мамлекеттик түзүмдөрдүн аймактык экономика жана бардык кызыккан тараптар менен кызматташтыгы деп белгиледи. Кожобеков билим берүү мекемелеринде алынган тажрыйбалар көбүнчө эмгек рыногунун талаптарына жооп бербейт.

“Көп өлкөлөрдө окуудан жумушта өтүү маселеси чакырыктардын бири болуп эсептелет. Кыргызстан мамлекетке жана жумуш берүүчүлөргө, билим берүү уюмдарына көп аспектилер боюнча узак мөөнөттүү келишимдерге жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзө турган социалдык диалогду күчөтүшү керек”, - деп кошумчалады ал

Пикир

Оставить комментарий