• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

КРда шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү маселеси талкууланды

Президент 0

Бишкек, 02.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун жаңыланган курамынын алгачкы отуруму өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жыйында Президенттин Аппаратынын Жетекчиси өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы №109- Жарлыгы менен түзүлгөн жумушчу тобу жетишкен ийгиликтерге кыскача токтолду. Ал ошондой эле аталган жумушчу топтун ишин мындан ары да улантууну шарттаган себептерге жыйындын катышуучуларынын көңүлүн бурду.

Андан тышкары, М.Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 20-мартындагы №61-Жарлыгынын жоболоруна ылайык түзүлгөн жумушчу топтун жаңыланган курамынын алдына коюлган милдеттер тууралуу айтып берди.

Жумушчу топтун жыйынында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо системасын реформалоонун жыйынтыктары жана шайлоо мыйзамдарын мындан ары жакшыртуу боюнча милдеттер тууралуу айтып берди.

Ошондой эле жумушчу топтун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов тааныштырган “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулашты.

Жогоруда айтылгандар менен катар жыйында жумушчу топтун ишинин негизги багыттары, 2018-жылдын апрель-июнь айларына карата план-графиги жана тийиштүү багыттар боюнча топчолордун курамдары бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий