• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРда соттолгондорду кыйноо жыл сайын курч мүнөзгө ээ болууда - Акыйкатчы

Укук тартиби 0


Бишкек, 23-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстанда жылдан жылга кыйноолордун саны өсүп, алар кыйла курч мүнөзгө ээ болууда. Бул тууралуу бүгүн кыйноолор жана орой мамилелер менен күрөшүү боюнча тегерек үстөлдө КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, КР Акыйкатчысынын Аппаратына келген билдирүүлөр укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине даттануулардын саны көп экенин көрсөткөн. Ошону менен бирге, жарандардын даттанууларында айтылган дооматтар алар кеч кайрылгандыгына же соттук-медициналык жана соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизанын негизинде кыйноо фактылары такталбагандыктан далилденбей калууда.

“Мындай экспертизалардын жүрүшүндө арыз ээлери өздөрү аны өтүүдөн баш тарткан учурлар аз эмес. Жыйынтыгында, КР КК негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынат. Бул кыйноолор уланып жатканын, ал эми даттануучу өз сөзүн кайра алуу аркылуу аны токтотууну чечкендигин билдирет”, -деди ал.

Башкы акыйкатчы билдиргендей, 2016-жылы укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кыйноолор фактылар боюнча Акыйкатчынын Аппаратына жарандардан 60 билдирүү түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий