• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КРда төмөнкү айлык акы 17 АКШ долларын түзөт, менимче мындай маяна азыр жок – депутат

Коом 0

Бишкек, 01.11.18. /Кабар/. Депутат Экмат Байпакпаев парламенттин отурумунда Кыргызстандагы төмөнкү айлык акынын өлчөмүн көтөрүү зарылдыгын айтып чыкты.

Анын айтымында, төмөнкү айлык акы 17 АКШ долларын түзөт жана учурда андай аз маяна жок.

“Кечээ мен Соцфонддун башчысына өлкөбүздө эң аз маяна канча экенин сураганымда эч ким жооп бере алган жок. Соцфонд мындай маалыматтарды билиши кажет”, - деди депутат.

“Ар кандай маалыматтар боюнча бизде эң аз айлык акы 1 миң 600 сомду түзөт. Өлкөнүн 2018-2020-жылдарга карата бюджети тууралуу мыйзамда 2018-жылга карата төмөнкү айлык акынын өлчөмү 1662 сом, 2019-жылга 1737 сом, 2020-жылга 1815 сом деп каралган. Бул дүйнөдөгү эң аз маяна”, - деди Байпакбаев.

Анын маалыматы боюнча, Казакстанда төмөнкү айлык акынын өлчөмү 85 долларды, Арменияда 133, Беларуста 154 долларды түзөт.

Депутат Социалдык өнүктүрүү министрлигин бул маселени карап чыгып, төмөнкү айлык акы өлчөмүн көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп чыгуусуна чакырды.

“Кесиптик бирикме каякты карап жатат? Төмөнкү айлык акы өлчөмүн көтөрүү алардын кызыкчылыгы болуп эсептелет. Төраганын орун басарын Социалдык өнүктүрүү боюнча комитетке бул маселени карап, төмөнкү айлык акы өлчөмүн жогорулатуу боюнча тапшырма берүүсүн өтүнөм”, - деди ал.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2018-жылдын январь-март айларында маянанын орточо өлчөмү 15 миң 120 сом, былтыр 14 миң сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий