• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КРда туризм ишканаларынын көбү Ысык-Көлдө катталган

Коом 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. Жайгаштыруунун жамааттык каражаттарынын жана туризм ишканаларынын негизги бөлүгү Ысык-Көлдө жайгашкан – 37,5%, Бишкекте – 18,4%, Жалал-Абадда – 11,4%, Нарын облусунда – 11,2%.

Улуттук статистикалык комитети билдиргендей, 2018-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын аймагында 472 эс алуу мекемеси туристтерди кабыл алып, тейлеген. Анын ичинен 188 атайын жайгаштыруу каражаты, 60 туристтик фирма жана туроператорлор, ошондой эле туризм тармагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн субъектилер, Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 900гө жакын конок үйлөрү.

Пикир

Оставить комментарий