• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРда укуктук маданият жана сабаттуулук төмөнкү деңгээлде калууда – БУУӨП

Коом 0

Бишкек, 11.12.18. /Кабар/. Кыргызстанда калк арасында укуктук маданият жана сабаттуулук төмөнкү деңгээлде калууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программаларынын (БУУӨП) жана Финляндия ТИМ долбоорлорунун кооординатору Айнура Алымбекова кабарлады.

Ал билдиргендей, сабаттуулук жана укуктук маданият калктын аярлуу катмарларынын арасында өзгөчө төмөн деңгээлде турат.

“Биздин 18 укуктук жардам берүү борборлорубузга былтыркы жылы 3 миң киши кайрылган. 2018-жылы кайрылгандардын саны 6 миңди түзгөн. Бул көрсөткүчтүн өсүүсү жарандар өз укуктарын коргоого даяр экендигин көрсөтөт”, - дейт Алымбаева.

Пикир

Оставить комментарий