• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРда жаңы адистештирилген продукт – «Жогорку продуктивдүү асыл тукум мал лизинги» ишке киргизилүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасындагы мал чарба лизинги маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө «Айыл банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Мурат Акимов сүт кластерин өнүктүрүү боюнча бет ачар сунуштады.

Сунушталган маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө атамекендик сүт тармагы республиканын ар түрдүү сүт азыктарын жана башка продуктуларды чыгарууга багытталган азык-түлүк өнөр жай тармагынын жүзү боло алат. Өлкөнүн сүт тармагынын ассортименти жүздөгөн аталыштарды камтыйт жана бул тизме жаңы бренддер жана товардык позициялар менен үзгүлтүксүз толукталып турат. Мындан тышкары, акыркы жылдары сүт иштетүүчү ишканалар тармак үчүн жаңы продукциялардын түрлөрүн өздөштүрүшүүдө. Биз саан малдын продуктивдүүлүгүн жогорулатууга жана чарбачылыкты жүргүзүүнүн экстенсивдик ыкмасынан интенсивдикке өтүүгө тийишпиз. Республиканын экономикасынын сүт жана аралаш тармактарын өнүктүрүү чараларын активдештирүү зарыл.

Бет ачардын жүрүшүндө белгиленгендей, мындай чаралардын бири катары - сүт өндүрүү жана кайра иштетүүгө адистешкен аймактардын негизинде кластерди өнүктүрүү болуп саналат.

Өкмөттүн тапшырмасы боюнча сүт кластерин уюштуруу механизмдеринин бири - «Айыл банк» тарабынан иштелип чыккан жаңы адистештирилген продукт – «Жогорку продуктивдүү асыл тукум мал лизинги», ал фермерлерге лизингдик схема боюнча сүт жана эт багытындагы уйларды сатып алууну каржылоого багытталат.

Бул долбоорду 2019-жылдын январында ишке киргизүү пландалууда, аны жүзөгө ашырууга 200 млн сом каралган.

Маалыматты уккан соң, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов асыл тукум мал чарбалары, анын ичинде фермерлер арасында ишке киргизилип жаткан асыл тукум мал лизинги жана малдын башын көбөйтүүнүн заманбап ыкмалары тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү кампанияларын күчтөндүрүү зарылдыгын баса белгиледи.

«Өкмөт айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган чаралардын тутумдуу топтомун иштеп чыгуунун, аны менен бирге ири мүйүздүү асыл тукум малдын башын көбөйтүү жолунун үстүндө иштеп жатат», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Пикир

Оставить комментарий