• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРда жыл башынан бери 11 өнөр жай ишканасы ишке берилди (тизме)

Экономика 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. 2018-жылдын 9 айында 11 өнөр жай ишканасы ишке берилип, 700 жумушчу оруну түзүлгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбеков билдирди.

Анын маалыматына караганда, Ош облусунда кир жуучу машиналарды чогултуу боюнча “Артель” заводу, Ош шаарында пластик терезелерди жана эшиктерди чыгаруучу “Имзо” ЖЧКсы, травертинди чыгаруучу “Умар Групп” ЖЧКсы, улуттук кийимдерди чыгаруучу “Омонова” жеке менчик ишканасы, Чүй облусунда жардыргыч заттарды чыгаруучу “Салют Компани” ЖЧКсы, Кара-Балта шаарында металл өндүрүшүн чыгаруучу “Евразия металл-групп” ЖЧКсы, электрондук детонаторлорду чыгаруучу “Кас Импульс” ЖЧКсы жана башкалар бар.

“Ноябрда токулган буюмдарды чыгаруучу “Сооl Bro’s” ЖЧКнын (Сокулук району, Комсомольское айылы) өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүү, аскердик жана атайын жумушчу бут кийим чыгаруучу “Империал групп Компани” ЖЧКсын жылына 100 миң түгөй бут кийим долбоордук кубаттуулугу менен кеңейтүү пландалууда”, - деди Орозбеков.

Ошондой эле ал отчёттук убакыт ичинде өндүрүштүн көлөмүнүн азайышы төмөнкү кайра иштетүүчү өнөр жайдын 5 тармагында байкалып жатканын билдирди:

  • Машина жана шаймандардан тышкары негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүрүү;
  • Машина жана шаймандарды өндүрүү;
  • Транспорт каражаттарын өндүрүү;
  • Фармацевтикалык өндүрүштү өндүрүү;
  • Химиялык өндүрүштү өндүрүү.

“Калган өндүрүштүн 8 тармагында өндүрүштүн оң темпи байкалууда. Курулуш материалдарын өндүрүүдө темп 116% деңгээлинде, жеңил өнөр жайда 117,3 пайыз, анын ичинде тигүү тармагында 121, тазаланган мунайзатты өндүрүүдө 128,7 %, жана башка. Өндүрүштө 128,555,8 миллион сомго өндүрүш өндүрүлгөн”, - деди

Пикир

Оставить комментарий