• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРда жыл башынан бери 429 кызылча оорусуна чалдыккан адам катталган

Ден соолук 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Кыргызстандагы кызылча оорусу боюнча абал туруктуу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, ага 1 жаш, 3 айлык бейтап түшкөн. Ал курч мүнөздөгү респиратордук инфекция менен №7 бөлүмгө жаткырылган.

“Баланын апасы кызылча менен ооруган адам менен байланыш фактысын жашырып, фамилиясын туура эмес көрсөткөн. Кийинки күнү баланын денесине кызылча чыкты. Ага кызылча диагнозун коюп, кызылча менен ооругандардын бөлүмүнө котордук”, - деди Аалиев.

“Кызылча алгачкы күндөрү респиратордук инфекция катары өтүп, 4-5-күндөрү денеге кызыл чыгат. Жалпысынан ооруканада инфекцияны жуктуруп алган 12 изоляциялык палата бар. Учурда кызамык менен ар кандай курактагы 30 бейтап жаткырылган. Бирок алардын көпчүлүгү кызамыкка каршы эмдөө албаган кичинейкей балдар. Коңшу жана чет өлкөлөрдө кызамык жүрүп жатат. Бирок биздин өлкөдө абал туруктуу”, - деди Аалиев.

Кыргызстанда 2018-жылдын январь айынан бүгүнкү күнгө чейин 429 кызамык жуктуруп алган учур катталган. Ооругандардын көпчүлүгү Бишкек шаарына туура келет. Ал жерде 276 учур катталса, Чүйдө 107 учур катталган.

Кызылча – эң жугуштуу оорулардын бири. Эгер адам кызамык менен оорубаса жана эмдөө албаса, кызамык менен ооруган адам менен байланыш түзсө, ооруп калуу ыктымалдуулугу жогору. Кызылча аба аркылуу жугат. Оору денеге кызылдар пайда болуп эмес, суук тийип калуунун белгилеринен башталат: дене табы 38-40 градуска көтөрүлүп, шай кетип, тамакка болгон табит жоголот, кургак жөтөл пайда болот.

Пикир

Оставить комментарий