• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРда жыл башынан бери 9 миңге жакын адам гепатит илдетин жуктуруп алган

Ден соолук 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери 9 миңге жакын адам гепатит жана жугуштуу вирустар оорусун жуктуруп алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу көрсөткүч 14,7%га өскөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги астындагы оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл Департаментинен кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь айынан декабрь айына чейин 8 миң 852 учур катталган (140,3), 2017-жылы бул көрсөткүч 7 миң 565ти түзгөн (122,3).

Гепатит ооруларынын ичинен 93,7%ды А гепатити түзөт. А гепатити менен ооругандар Ош (184,8), Баткен (198,3), Жалал-Абад (188,1) облустарында жана Ош шаарында (163,4) байкалат. Алар орточо республикалык көрсөткүчтү орточо эсеп менен 1,4 эсеге көп же 24,2%.

Ошондой эле өлкөдө сальмонеллез менен 3,1 эсеге көп ооругандар байкалууда. 2018-жылдын башынан тарта 489 бейтап катталган (7,8), ал эми 2017-жылы бул көрсөткүч 154тү түзгөн. Алар Бишкек, Ысык-Көл жана Чүйдө коомдук тамактануучу жайларда болгон тамактан ууланууга байланыштуу.

Вакцина менен даарылоочу инфекциялар менен оору фактыларынын өсүүсү байкалууда.

Андан тышкары ВИЧ-инфекциясы менен ооругандардын саны 2018-жылы 0,8% өскөн. 2017-жылы 734 оорулуу катталса, быйыл 754 катталган. Эң көп Чүй облусунда (22,2), Ош (16,0) менен Бишкек (28,7) шаарларында катталган.

Пикир

Оставить комментарий