• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КРда жыл башынан бери чек арачылар 17 курал, 200гө жакын ок-дары алышты

Кырсык 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Ушул жылдын 9 айында издөө-чалгындоо иш-чараларынын жүрүшүндө 17 ок чыгаруучу курал, 178 ок-дары жана 4 курал-жарактын бөлүктөрү табылып, алынган. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди.

Андан сырткары анын айтымында, жогоруда көрсөтүлгөн убакыт ичинде МЧКнын кызматтык-согуштук ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө 1 тонна 30 килограммдан ашык баңгизаты табылып, алынган.

“9 айдын ичинде чек арачылар 27 миллион сомго аткезчи жүк кармашкан. Эл аралык билдирүү жолдорунда мамлекеттик чек ара аркылуу жүктөрдү мыйзамсыз өткөрүү боюнча 4 миң 562 факт аныкталган”, - деди Шаршеев.

Ал мамлекеттик чек ара аркылуу 16 миллион 203 миң киши, 1 миллион 65 миң 200 транспорт каражаты өткөрүлгөндүгүн билдирди. Чек арачылар туура эмес документтери бар 4 миң 501 жаранды аныкташып, 1 миң 619 адам депортацияланган.

Пикир

Оставить комментарий