• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КРда жыл башынан бери чет элдиктердин катышуусу менен 946 юридикалык жак катталган

Саясат 0

Чолпон-Ата, 24.08.18. /Кабар/. Кыргызстанда 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында чет элдиктердин катышуусу менен 946 юридикалык жак катталган. Бул тууралуу ШКУга мүчө мамлекеттердин юстиция министрлеринин жыйынында КР юстиция министринин м.а. Максатбек Есеналиев билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылда 6 миң 200 юридикалык жак катталган.

“2017-жылы чет элдиктердин катышуусу менен 1 миң 90 юридикалык жак каттоодон өткөн. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Doing Business рейтингинде 29 орунда турат. КР юстиция министрлиги юридикалык жактарды онлайн режиминде да каттоодон өткөрүүнү пландап жатат. Ага байланыштуу юстиция министрлиги ведомствонун реестрин “Түндүк” системасына кошуунун үстүндө иштеп жатат”, - деп билдирди Есеналиев.

Андан тышкары ал кошумчалагандай, чет элдиктердин катышуусу менен катталган юридикалык жактардын саны Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн ачык экендигинен кабар берет.

Пикир

Оставить комментарий