• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КРда жыл башынан бери дем берүүчү гранттардын эсебинен 195,7 млн сомго 179 долбоор каржыланды

Коом 0

Бишкек, 05.09.18. /Кабар/. 2018-жылдын 1-сентябрына карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылоого берген билдирмелерине ылайык, республикалык бюджеттен «дем берүүчү гранттар» беренеси боюнча жалпысынан 195 млн 720,1 миң сомго 179 долбоор каржыланды.

Дем берүүчү гранттардын каражаттарынын региондор боюнча бөлүштүрүлүшү:

п/п

Региондордун аталышы

2018-жылдын 1-сентябрына карата

Объекттердин саны

Дем берүүчү гранттардын көлөмү (миң сом)

Республике боюнча бардыгы

179

195720,1

анын ичинде:

1

Жалал-Абад областы

43

42157,0

2

Ош областы

29

39437,9

3

Нарын областы

24

34704,6

4

Ысык-Көл областы

23

23892,1

5

Чүй областы

28

21169,1

6

Баткен областы

19

19067,8

7

Талас областы

13

15290,7

Каражаттардын категориялар боюнча бөлүштүрүлүшү:

п/п

Категориялар

2018-жылдын 1-сентябрына карата

Объекттердин саны

Дем берүүчү гранттардын көлөмү (миң сом)

1

Мектептер

41

44223,7

2

Бала бакчалар

43

47946,2

3

Маданий маанидеги объекттер

16

13467,1

4

Спорттук маанидеги объекттер

26

32784,3

5

Саламаттык сактоо объекттери

13

11642,3

6

Инженердик-коммуникациялык инфраструктура объекттери

31

35827,2

7

Административдик маанидеги объекттер ж.б.

9

9829,3

Бардыгы

179

195720,1

Долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары берген отчёттордон көз каранды (суралган суммага жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттын талап кылынган көлөмүнө жараша, грант, отчёт тапшырылгандан кийин, долбоордун тибине жараша (өздүк, тартылган, республикалык бюджеттин) каражаттардын өздөштүрүлүшүн эске алуу менен бөлүп-бөлүп берилет).

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар – аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин жана башка тартылган каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаттары.

«Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында «дем берүүчү (үлүштүк) гранттар» беренеси боюнча 500 млн сом каралган.

Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын отурумунун протоколуна ылайык, дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 2018-жылы 213 долбоор ишке ашырылат, анын ичинен 6 долбоор толугу менен бүткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий