• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КРда жыл башынан бери мамлекеттик карызды төлөөгө 12,6 млрд. сом жумшалган

Экономика 0

Бишкек, 26.07.19 /Кабар/. 2019-жылдын 31-майына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 453,86 млн. АКШ долларын түзгөн. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Борбордук казыначылыктын директору Марлен Амандыков билдирди.

Анын айтуусунда, тышкы карыз 84,9% (3 млрд. 783,0 млн. доллар), ички карыз -15,1% (670,9 млн. доллар) түзөт.

"2019-жылдын январь-июнь айларынын аралыгында республикалык бюджеттен мамкарызды төлөөгө 12 млрд. 684,5 млн. сом багытталган. Анын ичинен тышкы карызга 6 млрд. 718 млн. сом, ички карызга - 5 млрд. 966,5 млн. сом", - деп билдирди ал.

Азыркы учурда 1 АКШ доллары 69,72 сомго барабар болууда.

Пикир

Оставить комментарий