• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КРда жыл сайын кургак учук менен ооруган 500 мигрант аныкталат – дарыгер

Ден соолук 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. Бүгүнкү күндө мигранттар арасындагы кургак учук оорусу коомдук саламаттык сактоонун орчундуу көйгөйү болуп калды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн тегерек үстөлдүн жүрүшүндө Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллат Кадыров билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча 2016-жылы дүйнө жүзү боюнча 64 млн. мигрант бар болсо, ар бир жетинчи мигрант кургак учук менен ооруган.

“Ага байланыштуу 2015-жылдан тарта биздин коңшу өлкөлөр тарабынан бул багытта иштер жүргүзүлүүдө. Биз кургак учукка каршы күрөшүү боюнча Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен кызматташуу тууралуу келишимге кол койгонбуз”, - деди Кадыров.

Ал билдергендей, Кыргызстанда былтыркы жылы кургак учуктун жаңы 5 миң 400 учуру аныкталган.

“Бул илдет менен ооругандардын 25 пайызы ички мигранттар. Жыл сайын республика боюнча башка өлкөлөргө барып келген 500 мигрант ооруйт”, - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий