• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КРда жылына 45 миңдей түгөй никеге турат, алардын 20 пайызы – ала качуу – акыйкатчы

Коом 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстанда жылына 45 миңдей түгөй никеге турат, анын 20 пайызы ала качууга байланыштуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште КРнын акыйкатчысы Токон Мамытов доклад берип жатып билдирди.

Анын айтымында, жогоруда көрсөтүлгөн 20 пайыздын 6 пайызы күч колдонуу менен ишке ашат.

“Акыркы жылдары мындай фактылар көбөйдү, андыктан буга көңүл буруу керек. Мисалы, 2014-2015-жылдары бул багытта 72 иш козголгон. Алардын ичинен ар бир бешинчиси тараптарды кабыл алуу менен аяктаган. 2017-жылы сотко 13 иш өткөрүлүп берилген”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий