• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРдагы кайсы облустун жашоочулары эң көп каражат тапкан? – Инфографика

Экономика 0

Бишкек, 18.02.19. /Кабар/. 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жашоочуларынын номиналдуу кирешеси 304 млрд. 761 млн. сомду түзгөн. Ошол эле мезгилде реалдуу кирешенин суммасы 299 млрд. сомду түзгөн.

Улуттук статистикалык комитеттин берген маалыматына жараша, эң көп акча табуу көрсөткүчү Бишкек шаарынын тургундарынын эсебинен түзүлгөн (62 млрд. 384, 8 млн. сом). Андан кийин Ош облусунун (58 млрд. 915 млн. сом) жана Жалал-Абад облусунун тургундары (50 млрд. 537, 1 млн. сом) турат. Ал эми бул “рейтингде” эң акыркы орундарды Нарын жана Талас облусунун тургундары ээлеген.

Ведомстводон билдиргендей, акча табуунун негизги булагы – эмгек иш аракет. Ал жалпы көлөмдө 71,5%ды түзгөн.

Негиздеме: Номиналдуу киреше –адамдын айлык акы, рент жана киреше түрүндө алган акчалай сыйлыгы.

Ал эми реалдуу киреше ошол номиналдуу кирешеге сатып ала турган товар жана кызматтын саны. Реалдуу киреше бул номиналдуу кирешенин баалар индексине болгон катышынан эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий