• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРдагы казак диаспорасы кыргыз-казак чек арасында кезекте турган айдоочуларга ысык тамак уюштурду

Коом 0

Бишкек, 20.10.17. /Кабар/. Кыргызстандагы казак диаспорасы кечээ, 19-октябрда кыргыз-казак чек арасындагы КР тараптагы “Ак Тилек” көзөмөл өткөрмө пунктунда кезек күтүп турган айдоочулар үчүн ысык тамак уюштурду.

Диаспоранын өкүлдөрү кабарлашкандай, ысык тамак дээрлик 300гө жакын айдоочуга берилген. Оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары ысык тамакты ыраазычылык менен алып, кыргыз менен казак эли боордош жана биримдикте экендигин баса белгилешти.

“Булардын бардыгы жаңы төрага Марат Токтоучиков башында турган казак диаспорасынын күчү менен уюштурулду. Чек арада убактылуу болуп жаткан кырдаалга жөн карап тура албадык. Казак диаспорасынын өкүлдөрү чек арада түзүлгөн кырдаал боюнча жүргүзгөн оң аракеттери үчүн Кыргызстандын жана Казакстандын премьер-министрлерине терең ыраазычылык билдирет”,-деп айтылат маалыматта.

Диаспора өкүлдөрү түзүлгөн жарандарга кайрылып, түзүлгөн кырдаалды саясатташтырбоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий