• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

КРдагы Кореянын эл аралык кызматташуу агенттиги Бишкек жана Чүйдөгү 1 миң үй-бүлөгө азык-түлүк тапшырды

Коом 0

Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. Кыргызстандагы Кореянын эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) жана KOICA бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы жашаган аз камсыз болгон 1 миң үй-бүлөгө азык-түлүк тапшырды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, азык-түлүктүн жалпы суммасы 1,5 миң АКШ долларын түзөт.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекованын айтуусуна караганда, көрсөтүлгөн гуманитардык жардам Жардам штабы аркылуу таратылат.

Министрликтен кошумчалашкандай, 1 миң үй-бүлөгө 10 кг макарон жана 1 литр өсүмдүк майы таратылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий