• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРдагы кургак учукту дарылоонун жаңы системасынын киргизилиши менен оорудан 670 адам айыкты

Ден соолук 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Кыргызстанда кургак учукту амбулатордук жол менен дарылоо системасынын бир жылдык ишинде оорудан 671 адам айыкты. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) төрагасы Марат Калиев билдирди.

Анын маалыматына караганда, аталган долбоорду Чүй облусуна киргизүү 2017-жылдын ноябрь айында башталган. Ал эми ушул жылдын февраль айынан баштап ал Талас облусуна, Ош облусунун Кара-Суу районуна, Жалал-Абад облусунун Сузак жана Базар-Коргон райондоруна киргизиле баштаган.

Калиевдин айтымында, кургак учукту амбулатордук жол менен дарылоо системасы бейтаптын жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медициналык борборлордун дарыгерлеринин жана айылдык фельдшерлердин көзөмөлүнүн алдында дарылануусун камтыйт. Ар бир ийгиликтүү айыктыруу үчүн медициналык жумушчулар өздөрүнүн негизги айлык акысына кошумча акча алышат.

“Төлөмдүн көлөмү оорунун татаалдыгына байланыштуу. Кургак учуктун сезимтал формасына 12 миң сомду, туруктуу формасына 24 миң сомду түзөт. Бүгүнкү күндө 671 оорулуунун дарылануусу ийгиликтүү аяктады. Алардын 100ү туруктуу формасы менен ооруган. Көрсөтүлгөн убакыт ичинде фонд 10 миллион 248 миң сом каржылоону ишке ашырган”, - деди Калиев.

Улуттук фтизиатрия борборунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 6 миңге жакын кургак учук менен ооруу катталат. Учурда ММКФ биринчи медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде амбулатордук дарылоону каржылоонун алкагында бул ооруну жуктуруп алгандарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын баалоо жолун иштеп чыгууну жүргүзүүдө. Алдыда жаңы системаны республиканын бардык аймактарына этап менен таратуу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий